Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Telegram аркылуу психотроптук заттарды саткан жаран кармалды

11.05.2023 16:34
269
Telegram  аркылуу психотроптук заттарды саткан жаран кармалды



ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгы менен биргеликте психотроптук заттарды ири өлчөмдө саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучусун кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма  сөз кызматынан билдиришти.


Алынган ыкчам маалыматка ылайык, "В" Интернет дүкөнү өз каналы аркылуу «Telegram» мобилдик тиркемесинде кардарлар менен кат алышуу менен баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды Бишкек шаарынын аймагында кыстарма деп аталган жашыруун жерлер аркылуу сатып алектенген. 

«Telegram» мобилдик тиркемесинде «В» онлайн дүкөнүнүн 1000ден ашык жазылуучусу бар болгон. 


Ыкчам-тергөө иш-чараларын ишке ашыруу жана өткөрүү алкагында КР ИИМдин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБ жана ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан М.А., аттуу жаран аныкталды, ал ыкчам маалыматтар боюнча “В” интернет-дүкөнүнүн уюштуруучусу, оператору жана курьер да болгон.


2023-жылдын 12-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагында жогорудагы кылмышка шектүү 1999-жылы туулган М.А. жаран кармалган. 


Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө М.А., өз ыктыяры менен Бишкек шаарынын аймагындагы психотроптук заттар салынган жашыруун жерлердин даректерин көрсөткөн.


Жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертизага ылайык, жашыруун жерлерден алынган психотроптук заттар “метамфетамин” психотроптук зат болуп аныкталган.

2023-жылдын 3-майында кармалган М.А, КР ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ШИИБнын Убактылуу кармоо жайына киргизилген.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын жана Биринчи май райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан шектүүнүн “телеграмм” каналында катталган башка интернет-дүкөндөр менен кылмыштуу байланыштарынын катыштыгы бар экендиги боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн