Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Темирлан Султанбеков Бишкек мэриясына кызматка келди

26.11.2020 11:00
10332
Темирлан Султанбеков Бишкек мэриясына кызматка келди

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевге “Социал демократтар” партиясынын   жаш мүчөсү Темирлан Султанбеков  кеңешчи болду. Бул тууралуу вице-мэр социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.


Темирлан Султанбеков иним келди. Мага кеңешчи болуп, экөөбүз чогуу иштемей болдук. Шаарыбыз үчүн жакшы иштерди жасайлы деп, пландарды түздүк. Буюрса, жакшы иштерге күбө болосуздар. Карапайым элдин жашоо турмушуна аралашып эле тим болбостон, элдин көйгөйүн чечүү жолдорун табалы дедик. Алган билимибиз менен топтоп жаткан тажрыйбаларыбыз элибиз үчүн болсо деген ак тилегибиз бар. Калктын казынасына кол салбай иштесе болоорун далилдеп беребиз. Элдин бизге болгон ишеничин актайбыз. Адамдык абийирибизди сактайбыз. Асмандагы айды алып беребиз деп убада бербейбиз. Бирок ар бир адамдын жүрөгүнө чындык болуп киребиз“, – деп жазган Ырсалиев.


Бул маалымат боюнча Бишкек мэриясы расмий түрдө билдире элек.

Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
Чынара
Тилегинер жакшы экен, силерди Кудай колдосун!Карапайым эл сезген жакшы натыйжаларды кутобуз
Замир АЛДАЯРОВ
Экөө тең кыргыз элибиздин мекенчил, элдик, ак пейил, мыкты уулдары. "Элим, жерим!" - деген ишиңерди йгиликтер, кубанычтар коштосун! Жаркыраган келечек каалайм! Ар дайым ден соолукта бар болгула! "Жакшыга жанаш"- дегендей жакшы табышыпсыңар. Кубанычтабыз!!!
Эркин
Ай ушул кантип кеңешчи болсун,канча жылдык тажрыйбасы бар экен? Кыйкырып койсо эле кызматка коюш керекпи, же шайлоого пайдаланыш үчүнбү?.
Айдоочу
Көчөлөргө, көчө кесилиштерине көчөнүн аттарын жаздыргылачы.
Бектемир Зиядинов
Тилегинер орундалып, эл кызматында болгула!