Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Теңелбейин дедим эле. Алимбеков Шайлообек Атазовго жооп берди

08.12.2021 12:41
2381
Теңелбейин дедим эле. Алимбеков Шайлообек Атазовго жооп берди

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Төлөйкөн шайлоо округунда анын атаандашы депутат Нурбек Алимбеков добуш сатып алып ыплас шайлоо өткөрдү деп билдирүү жасады.


Ал эми Нурбек Алимбеков Атазовдун сөзүн четке кагып, жалган жалаа экенин билдирди.


"Мен атаандашым Шайлообек Атазовго теңелбейин дегем. Бирок трибунадан менин атыма шек келтирип жалган сөздөргө жооп берип койбосом болбос.


Төлөйкөн шайлоо округунда биздин команда чындап мыкты иштеп жеңишке жеттик. Ал жерде кимдин плакаттары, сүрөттөрү жайнап кетти. Аны ким каржылап турганын биз жакшы билебиз.


Биз эч кандай добуш сатып алууга барган эмеспиз. Ал 17 миң добуш алса, мен 19 миң добуш алдым. Жеңилген адам жеңилгенди да  билиш керек",- деди Алимбеков.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Мамадалиев Алтынбек
Сатып алдынар дегендер...эмне шуркуясынарбы сатылгыдай? Сатып алган болсо чала эле кылыптыр...
Төлөйкөндүк
Оой аферист , Төлөйкөндө акча бергениң жалганбы ? Берсем кудайдын каарына калайын , деп трибунадан айтчы . Жалган айтканың үчүн сага жакында кудай көргөзөт ...
Эмилбек Каримов
Биздин айылдан сатып эле алдынар го. Газ киргизебиз десе акча Бердинер го
Аида
Адамдын денгелине жараша оозунан соз чыгат