Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:04
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Теңир-Тоолуктардын кенебестигинен калкы алда канча көп аймактар менен бир сапка чыктык, - төрага

12.05.2020 13:41
2275
Теңир-Тоолуктардын кенебестигинен калкы алда канча көп аймактар менен бир сапка чыктык, - төрага


Тенир-Тоолуктар кенебестигинен коронавирус катталган учур боюнча калкы алда канча көп аймактар менен бир сапка чыкты. Мындай пикирин Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов билдирди.  


Анын пикиринде карантин эрежелерин сактоо менен гана коронавирус илдетин жеңе алабыз. Мына ушундай оор кырдаалда бул абалды толук түшүнбөй, каршылык кылгандар оорунун элди каптоосуна салым кошуп жатат.  


Жыргалбек Ботокановдун кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз: 


"Коронавирус инфекциясынын жайылып жатышынан улам жалпы эле дүйнө жүзү боюнча катаал кырдаал жаралууда. Бирок бир катар мамлекеттер көбүн эсе тартипти, тактап айтканда санитардык эрежелерди бекем сактоонун негизинде кыйын кырдаалдан кыл суургандай суурулуп чыгып кетип жатышат.


Алыс барбай айланабызга эле көз чаптырып карап көрөлүчү. Нарын облусунун калкынын саны өлкөбүздүн башка аймактарына караганда алда аз экени белгилүү. Муну менен айтайын дегеним, коронавирус илдетинин жайылуусуна жол бербей коюуга толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар эле. Анткени калк канчалык аз катташса, башкача айтканда социалдык дистанция сакталса бул илдеттин тамыры кыркылат эле.


Бирок Нарындыктар бул эрежеге анчейин баш ийгибиз келбей, ачыгын айтканда ээн-баштык кылып жатып, акыры илдеттин терең жайылуусуна жол берип алганыбыз өтө өкүнүчтүү. Ээн-баштык дегениме Ат-Башылык туугандардын кылган иши, атап айтканда – илдетти жугузуп алган адамды ооруканага жаткыралы деген дарыгерлердин аракетине каршы чыгуусу, карантин эрежелерин сактоого багытталган чектөөлөрдү алып салууну талап кылып митинг уюштуруусу таасын далил. өзгөчө белгилеп кете турган өкүнүчтүү жагдай Нарын облустук төрөт үйүнүн 6 кызматкери бул илдетке кабылгандыгы. Натыйжада илдеттин жайылуусу боюнча калкынын саны алда канча көп болгон аймактар менен дээрлик бир сапка туруп калдык.


Бул баарынан мурун биздин, Тенир-Тоолуктардын кенебестигибиздин кесепети деп ойлойм. Тоо койнунда тобокелдикке салып жүрүп көнүп калган чыгаарбыз балким. Бирок балдарыбыздын, келечек муундун ден соолугун тобокелдикке салууга укугубуз жок. Анткени бул илдеттин зыяны тукум кууп өтүшө тургандыгы айтылууда. Анын үстүнө илдетке каршы вакцина да табыла элек. Андыктан карантин эрежелерин сактоо менен гана өзүбүзгө, жакындарыбызга кам көрө алабыз.


Андыктан эсибиз барда этегибизди жыйып, адистердин айтканын аткырып, карантин эрежелерин бекем сактайлы. Ага болбой кенебестик кылууну келечек муундун алдында кечирилгис күнөө деп билем", - деп айтылат Нарын шаардык кеңешинин төрагасынын билдирүүсүндө. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн