Бугу 08, 2024
Убакыт: 23:46
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Тентишев: 2022-жылдын аягына чейин Чүй облусундагы мурдагы мыйзамсыз басылып алынган жерлерге документтер берилет

27.01.2022 12:35
930
Тентишев: 2022-жылдын аягына чейин Чүй облусундагы мурдагы мыйзамсыз басылып алынган жерлерге документтер берилет

2022-жылдын аягына чейин Чүй облусундагы мурдагы мыйзамсыз басылып алынган жерлерге документтер берилет. Мындай пикирин Президенттин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев билдирди.


Анын айтымында, мындан мыйзамсыз жер басып алгандарга кылмыш иши козголот.


"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2021-жылдын аягы менен Чүй облусунун аймактарындагы бул убакытка чейин мыйзамсыз басып алынган жана сатылып кеткен жерлерге техникалык паспорт, кызыл китеп берип каттоо башталган. Ошол күндөн тарта миңдеген жарандарыбыз өз үйлөрүнө каттоого туруп, документтерин колдоруна ала башташты. 2022-жылдын аягына чейин бул көйгөйлөр өз ордуна келет. Бардыгы каттоодон өтөт, техникалык паспорттору берилет. 


Бирок, мындан ары кимде-ким жер басып алса, айдоо-сугат жерлерин турак жайга колдонуп, сатылса ким болбосун мыйзам алдында жооп берет! Буга чейин Президент Жапаров Садыр Нургожоевич өзү да айткан. Мыйзам бузган адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөөрүн, мындан ары жер басып алгандар дароо камалаарын эскерткен. Андыктан мен дагы эскертип коюуну туура көрдүм. Мыйзамсыз иш алып барып, жерди басып алса кылмыш иши козголот. Мындай кадам бир да жарандын оюна келбеши керек. Жер басып алууну токтотуп, мыйзамдуу өлкөдө жашайлы",- деди Тентишев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн