УКМК тарабынан жүргүзүлгөн терроризимге каршы иш-чаралардын алкагында, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар КРнын жарандарынан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, ар кайсы өлкөлөрдүн 39 жаранынын өмүрүн алган резонанстуу теракты уюштурууга катышкан адамдарды каржылоого шектелип, 1988-ж.т. “А.А.” жана 1990-ж.т.“А.М.” аттуу КРнын жарандары Бишкек шаарынан кармалды.
Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Ыкчам-иликтөө иш-чаралар улантылып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн