Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:23
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Террордук ишмердүүлүккө катыштыгы бар, издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

01.04.2022 14:23
430
Террордук ишмердүүлүккө катыштыгы бар, издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

Террордук ишмердүүлүккө катышкан деп издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип келген, террористтик ишмердүүлүккө катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн чет мамлекеттердин биринин 1965-жылы туулган М.М.Ф., аттуу жараны кармалды.


Шектүү Кыргызстандын аймагында эл аралык террористтик уюмдардын идеяларын жайылтуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын азгырып жалдамчылык иштерди жүргүзүп жүргөн.


Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди


Азыркы учурда ЭТУнун ишмердүүлүгүнө тиешелүү байланыштарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн