Бугу 05, 2024
Убакыт: 15:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

TikTok'то түз эфирде катталуучулар акча которбосо, наристесине сыра ичирем деген келин кармалды

21.02.2024 12:20
524
TikTok'то түз эфирде катталуучулар акча которбосо, наристесине сыра ичирем деген келин кармалды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы TikTok социалдык тармагында баласынын өмүрүнө коркунуч келтирип, сыра ичире турганын айткан 29 жаштагы келин кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал Сүлүктү шаарынын тургуну Ж.Г. экени, Ош шаарына 17-февралда тааныштарынын үйүнө келгени такталган. Келин TikTok түйүнүндө түз эфирден кызына жасаган мамилесин “күйөөсүн коркутуу үчүн кылганын” айтып берген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү кармалган келиндин аракетине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп бергени кабарланды.

19-февралда TikTok'то келин түз эфирге чыгып, азык-түлүк алууга чамасы жетпей жатканын, катталуучулар анын эсебине акча которбосо, наристесине сыра ичире турганын айткан видео тараган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн