Жарандык активист Тилекмат Куренов бир жарым жылга камакка алынды. Бул тууралуу Эрлан Бекчоро уулу билдирди.
Тилекмат Куренов өзүнүн камалышына саясий баа берген.
"Бүгүн мени сот тагылып жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп тапты. Эч кимиңер сынбагыла. Акыйкат сөзсүз орнойт",- деди Тилекмат Куренов.
Эскерте кетсек, Тилекмат Куренов жаңы Конституцияга каршы митинг уюштургандан кийин 14-мартта бийликти басып алууга чакырык жасаган деген айып менен убактылуу тергөө абагына кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн