Бугу 12, 2025
Убакыт: 21:37
USD
87.30
87.80
EUR
97.00
98.00
RUB
1.045
1.100

Тилекмат Куреновго Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыкпоо үчүн чоң кызмат сунушталган

17.03.2021 11:25
858
Тилекмат Куреновго Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыкпоо үчүн чоң кызмат сунушталган

Тилекмат Куреновго Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыкпоо үчүн чоң кызмат сунушталган. Бул тууралуу анын атасы "Вести.кг" сайтына билдирген.


Анын айтымында, алардын үйүндө тинтүү жүргөнгө чейин үч күн мурда Садыр Жапаровдун адамдары чалып чоң кызматтарды сунуштаган. Бирок Тилекмат макул болгон эмес. Анткени ал мыйзамсыз жол менен кетүүнү каалаган эмес. 

"Үйүбүздү тинтүүгө алып, автоматчан спецназдар кирип келди. Биз камерага тартсак "болбойт деп" өчүртүп салды. Алар ноутбук, флешкарта, сим-карталарды жана менин диний китептеримди алып кетти. 

Биз буга чейин Садыр Жапаровду колдоп, анын чыгышын талап кылган митингдерге катышып келгенбиз. Жада калса, Жапаровду октябрда түрмөдөн чыгарганда баламдын салымы чоң. 2013-жылы балам Садыр Жапаров үчүн убактылуу кармоочу жайда да отуруп чыккан. Бирок азыр анын аракеттерине түшүнө албай турабыз",- деди Кудайберген Куренов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн