Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Тиллаев: Губернаторго бийлик берген менен акчасы жок болсо эмнени чечет?

18.05.2021 11:58
1052
Тиллаев: Губернаторго бийлик берген менен акчасы жок болсо эмнени чечет?

Губернаторго бийлик берип жатабыз, ал бир сом да акчасы жок эмне иш кылат?  Мындай пикирин депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди. 


Анын айтымында, Баткенге өзгөчө статус берилгенден кийин, каражат да бөлүнүшү керек. 


"Статус берилгенден кийин экономикалык, социалдык жактан бир топ маселелерге Айыл чарба министрлигинин орун басары келди. Бул киши бизге эмнени жооп берет?! Кайсы маселени чечет? Алар сунуштаган мыйзамды карап чыктык. Элди колдой турган кандай жеңилдиктер болот, кандай иш чаралар болот, ошолорду так көрсөтүшүбүз керек. Чек ара статусун алган айылдар бар болгону менен бир тыйын да колдоо жок. Азыр биз өзгөчө статус беребиз деп губернаторго бийлик берип жатабыз, ал бир сом да акчасы жок эмне иш кылат? Тескерисинче, губернаторду күчтөнтүп жатып, элдин кыжырын келтиребиз",- деди Тиллаев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Сен жакшысы бензин контрабанданы качан токтотосун