Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тышкы иштер министрлигине ар бир тышкы сапар тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилди

20.02.2023 10:16
238
Тышкы иштер министрлигине ар бир тышкы сапар тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилди

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын күн тартибинде 12 маселе каралып, добуш берүү электрондук форматта өттү.

Атап айтканда, министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин иши каралды.

Мында министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын аймагынын сейсмикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен курулуш тармагын реформалоо боюнча Программанын долбоорун кароого киргизүүнү тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле мамлекеттик органдардын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү маселеси да каралды.

Министрлер кабинетинин башчысы чет өлкөлүк сапарлардын максатка ылайыктуулугун кылдат талдоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Өлкөдөн тышкаркы бардык сапарлар тышкы саясатты жүргүзүүчү ведомство менен макулдашылышы керек. Ар бир сапардын жыйынтыгы боюнча саякат мамлекеттин эсебинен, же чакырган тараптын эсебинен уюштурулганына карабастан, сапардын жыйынтыгы боюнча отчет берүү зарыл. Бул маселе ведомство жетекчилери тараптан катуу көзөмөлгө алынышы тийиш”, - деди Акылбек Жапаров.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн