Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин саясий департаментинин директору Эрмек Өмүралиев кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Өмүралиев буга чейин транспорт милициясы тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча айыпталуучу экендиги такталды. Мындан тышкары, Жарандык авиация агенттигинин кызматкери Алымбай Абакиров дагы кармалган.
Эске салсак, Эрмек Өмүралиев буга чейин Жарандык авиация агенттигинин директору болуп иштеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн