Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Токаев Казакстандагы тополоңго Афганистандан жана Жакынкы Чыгыштан келген жоочулар катышканын билдирди

11.01.2022 07:57
2604
Токаев Казакстандагы тополоңго Афганистандан жана Жакынкы Чыгыштан келген жоочулар катышканын билдирди

Казакстандагы массалык башаламандыкка Афганистандан келген жоочулар катышкан. Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун өлкө башчыларынын онлайн саммитинде билдирди.


Анын айтымында, Казакстанда башаламандык уюштуруу боюнча террористтердин так планы болгон.


"Казакстанда башаламандыкта Жакынкы Чыгыштан жана Афганистандан келген террористтер болгон.

Алар согуш талаасында каза болгон адамдарын ошол жерден алып чыгып кеткен. Ошондой эле, алар өлүкканаларга кол салып өздөрүнүн изин жашыруу үчүн ал жерде жаткан адамдарын дагы алып чыгып кеткен",- деди Токаев.


Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы абалды өлкөгө болгон агрессия катары баалай турганын кошумчалады.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Замир
Под предлогом "Террористы" он уничтожил свой народ, стрелял на поражения, без оружейных. Ссылается на миротворческие силы, которые якобы спасли город Алматы. Это тоже политика, Казахстан сам мог справиться с мностсленными армией, миротворцы ничего не сделали, охраняли не нужные объекты аэропорт, ТЭЦ и др. В итоге мы знаем, что Токарев трус и аферист, народ и история никогда не забудет эту агрессию, которую он устроил