Теке 11, 2025
Убакыт: 00:19
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.118
1.135

Токаев Трампка казакстандык товарларга киргизилген бажы алымдары боюнча жооп берди

10.07.2025 13:42
32
Токаев Трампка казакстандык товарларга киргизилген бажы алымдары боюнча жооп берди


Касым-Жомарт Токаев АКШнын казакстандык товарларга бажы алымдарын киргизүү чечими боюнча Дональд Трампка кат жөнөттү. Бул тууралуу Ак орда билдирди.


Казакстандын президенти соода маселелерин чечүүнүн акылга сыярлык жолун табуу үчүн конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин белгилеген.


"Токаев соода маселеси боюнча компромисске келсе болоруна ишенерин билдирет", — деди Ак орда.


Казакстан АКШнын эски соода жана инвестициялык өнөктөшү катары адилеттүү, өз ара пайдалуу соода байланыштарын өнүктүрүүгө умтула турганы белгиленген.


Дүйшөмбү күнү Трамп Токаевге кат жөнөтүп, АКШга экспорттолгон бардык казакстандык товарларга бажы салыгы киргизилгенин билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн