Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Токаев кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

31.08.2022 14:04
696
Токаев кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады.


“Эгемендүү өнүгүү жылдарында Кыргызстан мамлекеттик курулушта, саясий жана социалдык-экономикалык жаңыланууда, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аренадагы беделин жогорулатууда зор натыйжаларга жетишип, маанилүү кайра курууларды башынан өткөрдү.


Сиздин күчтүү жетекчилигиңиздин астында кыргыз эли мындан аркы өсүүнү камсыз кылуу, заманбап жана гүлдөп өнүккөн мамлекетти куруу боюнча бийик максаттарды жана милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыраарында шек жок.


Казакстан Кыргызстандын жетишкендиктери менен чын жүрөктөн кубанат жана биздин достук, ынак коңшулук жана өз ара колдоо байланыштарыбызды мындан ары чыңдоого өзгөчө маани берет.


Биргелешкен күч-аракеттер менен биз казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы үчүн жаңы горизонтторду ачып, көп кырдуу кызматташтыгыбызды динамикалуу өнүктүрүүгө сапаттуу дем бере аларыбызга ишенем”, — деп айтылат куттуктоо текстинде.


Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго боордош Кыргызстандын гүлдөп өнүгүүсү үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн