Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Элмирбектин азасына эч ким чакырылган жок, бирок эл келип жатат, - Мирлан Самыйкожо

21.04.2020 09:39
15447
Элмирбектин азасына эч ким чакырылган жок, бирок эл келип жатат, - Мирлан Самыйкожо

 

КР эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 22-апрелде саат 11:00дө өтөт. Бул тууралуу Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Мирлан Самыйкожо “Медиа центр” агенттигине билдирди.


Анын айтымында, маркумду сөөгү Туңгуч кичи районундагы үйүнө алынып келген. Учурдагы абалга байланыштуу аза күтүүгө эч ким чакырылган жок. “Бирок келем дегендер баары бир келип жатат, Элмирбек Иманалиевге болбой эле келишет экен. Ошентсе да эл аз эле, туугандары, кыйышпас достору чогулуп жатат. Телефон чалуулар, баралбай калдык деп көңүл айткандар абдан көп”, - деди ал.


Мирлан Самыйкожо билдиргендей, Элмирбек Иманалиев кыргыздын таланттуу, эл сүйгөн акыны катары көптөгөн наамдардын ээси, эл артисти болгондуктан анын сөөгү мамлекеттик маданий мекемелерден узатууга арзымак. Бирок учурдагы жалпы кырдаалга, мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүсүнө байланыштуу өз үйүнөн гана узатылат.

 

Самыйкожо кошумчалагандай, Иманалиев мурдатан кант диабети менен ооруп жүргөн, мезгил-мезгили менен ооруканага жатып дарыланып келген.


Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлуусу күтүлүп жатат.

Пикирлер (14)

Коопсуздук коду
Захида
Туз эфир кылып койсонор болмок элдер жок дегенде телевизордон коруп коштошушмак
Мейилбубу
Соз айтууга ооз барбайт. Жакшы адам эле. Бул шум ажал жакшыны да,жаманды да тандабай кезеги келгенде алып кете берет турбайбы. Кыргыз эли эн кымбат,данктуу адамын жонотуп олтурат. Биз алсыз пенделербиз канчалык журок ыйлап кейигенибиз менен колубуздан эчнерсе келбейт экен. Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун дегенден башка эч нерсе дей албайбыз. Кудай рахматы кылсын.
Ельза Жумабайевна
"ЫЙЛАГАН МЕНЕН ПАЙДА ЖОК КУРАНДАН БАШКА АЙЛА ЖОК:" АТИН КЕМ ДУЙНО УЙ БУЛОО ТУУГАНДАРЫНА КАЙРАТ САБЫР БЕРСИН
Сания
Кайран гана булбулдун уну катты, комузун колдон тушуп, кылы узулду, сендейлер сендей боло алаар бекен Элмирбек
Мирбек
Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады,Арты кайрылуу,топурагы торко,Жараткан мээримине алган Болсун,Бир курактагы курдаш элек