Жетинин айы 26, 2024
Убакыт: 06:08
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Элмирбектин азасына эч ким чакырылган жок, бирок эл келип жатат, - Мирлан Самыйкожо

21.04.2020 09:39
15523
Элмирбектин азасына эч ким чакырылган жок, бирок эл келип жатат, - Мирлан Самыйкожо

 

КР эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 22-апрелде саат 11:00дө өтөт. Бул тууралуу Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Мирлан Самыйкожо “Медиа центр” агенттигине билдирди.


Анын айтымында, маркумду сөөгү Туңгуч кичи районундагы үйүнө алынып келген. Учурдагы абалга байланыштуу аза күтүүгө эч ким чакырылган жок. “Бирок келем дегендер баары бир келип жатат, Элмирбек Иманалиевге болбой эле келишет экен. Ошентсе да эл аз эле, туугандары, кыйышпас достору чогулуп жатат. Телефон чалуулар, баралбай калдык деп көңүл айткандар абдан көп”, - деди ал.


Мирлан Самыйкожо билдиргендей, Элмирбек Иманалиев кыргыздын таланттуу, эл сүйгөн акыны катары көптөгөн наамдардын ээси, эл артисти болгондуктан анын сөөгү мамлекеттик маданий мекемелерден узатууга арзымак. Бирок учурдагы жалпы кырдаалга, мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүсүнө байланыштуу өз үйүнөн гана узатылат.

 

Самыйкожо кошумчалагандай, Иманалиев мурдатан кант диабети менен ооруп жүргөн, мезгил-мезгили менен ооруканага жатып дарыланып келген.


Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлуусу күтүлүп жатат.

Пикирлер (14)

Коопсуздук коду
Карылгач Маматкулова
Эн жаман иш болуптур.Арты кайырлуу болсун.
Чолпон
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болуп,АЛЛАХЫМ бейишинен оорун берсин.Туугандарына терен кайгыруу менен конул айтам.
Аалыбаева Майрам
Чон Салтанат менен узатчу жонубуз бар эле,Арман ай кырдаалдында кычаганын кара
Касиет
Калган жашын балдарына берсин ,орду толгус жоготуу
Жыпар
Алп талантыбыздын арты кайрылуу болсун.