Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:19
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Токой чарбасында ак менен каранын кармашы күч ал алдыбы?

13.01.2021 13:44
656
Токой чарбасында ак менен каранын кармашы күч ал алдыбы?

5-октябрдагы төңкөрүштөн кийин адилеттүүлүккө болгон элдин ишеними жаралып, жаңы келген бийликке үмүт артышууда. Жемкорлук тыйылып, өлкө өнүгүүгө карай багыт алса деген изги тилек менен турушат. Албетте, 30 жылдан бери чырмалып бүткөн коррупцияны заматта талкалай чабуу оңой эмес, мамлекеттин капчыгын кагып жаткандар жөн гана багынып бербейт. Анын алгачкы фактылары байкала баштады, атай айтсак, өлкөдөгү эң коррупцияга малынган тармактын биринде, тагыраагы, Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинде нааразычылык тутанды. Өткөн айда агенттиктин айрым кызматкерлери акцияга чыгып, жаңы дайындалган директору Динара Кутманованын кызматтан кетишин талап кылышты. Бул окуя 30 жылдан бери мите курттай чырмалган жемкорлордун жандалбастаганы эмеспи? 


Дегенибиз, жаңы дайындалган директор Динара Кутманова экология жаатында дасыккан адис экенин, эң негизгиси, мекен үчүн жанын аябаган патриот экенин буга чейин далилдеген. Бир ишин кыстара кетсек, экинчи революциядан кийин «Кумтөр» кениндеги экологиялык зыянды иликтеген маалда эл-жер үчүн жанын үрөп, бийликтин басым-кысымынан, криминалдын коркутуп-үркүтүүсүнөн коркпой тикесинен тик туруп, кара кылды как жарган иликтөөсүн жарыялаган. Тактай айтсак, «Кумтөрдөгү» шылуундар менен коюн-колтук алышкан А.Атамбаевдин коррупцияланган бийлиги Т.Сариевдин оозу менен Кыргызстандын экологиясына келтирилген зыянды 7 миллиард сом деген бүтүмүн чыгартса, Динара Кутманов 5 миллиард доллар деп белгилеп берген. Ошондо «Кумтөр» боюнча запкы тартып жүргөн Садыр Жапаров чындыкты кашкайта айтып чыккан Динара айымга абдан ыраазы болуп, өз пикирин айтып: «Чын-чынына келгенде экологиялык зыян 7 миллиард сом эмес, эң эле аз болду дегенде 7 миллиард доллар болот. Болбосо жүздөгөн миллиард доллар. Эсиңиздерде болсо, бизден кийин өкмөттүк комиссия барып текшергенде эколог айым Динара Кутманова 5 миллиард доллардын тегереги болот деп эсептеп берсе, биздин өкмөт “Центерра” бул сумманы төлөй албайт дешип, болгону 150 миллион доллар айып салып коюшкан. Тагыраагы, тигилер менен алдын ала макулдашып алган эле сумма» деген С.Жапаров. 


Айтор, Динара Кутманова кесипкөй адис, дасыккан кадр, эң башкысы мекенчил инсан экениндигин тастыктаган. Мындан улам Садыр Жапаров бийликке келери менен Д.Кутманованы ишке тартып, 13-ноябрда өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору кылып дайындаган. Бул дайындоо баарынын купулуна толуп, жаңы бийликке болгон элдин ишеними артыла түшкөнүн жашыра албайбыз. Атамбаевдин мезгилинде чындыкты бетке айткан сапатынан улам Кутманова өкүмдарларга жакпай, чекеге сүрүлүп келгенин билебиз. Так ошол кайратынан жанбаган Динара айым жаңы бийлик тарабынан ишеним артылып, агенттике дайындалары менен дароо “ийири” иштерди казып чыгарын күтүп жатканбыз. Коррупциянын тамырын казарына, былык иштерди ийне-жибине чейин иликтерине шек жок болчу. Көпкө күттүргөн жок. Жарылды. Канча жылдан бери тамырлашып алган “мите курттар” адаттагыдай эле адегенде Кутманованын «алкаканын майлоого» аракеттенишип, ага көнбөй турганын сезгенден кийин эски «тактика» менен күрөшүүгө өткөнү аяк салууда. Үйүгүшө калышып жогорку тарапка кат жазып, митингге чыгышты. 


Эски «тактика» дегенибиз, бул агенттиктеги карт бөрүлөр өздөрүнүн «тилин албаган» жетекчилерди ушундай ыкма менен чекеге сүрүп келгени маалым. Атай айтсак, 2010-жылдагы революциядан кийин бул кызматка айтылуу Топчубек Тургуналиев келгени баарына маалым. Ал киши дагы жемкорлук менен күрөшүүгө белсенип, бирок уюктагыларды жеңе алган эмес. Жаманатты кылышып, митинг, акция өткөрүшүп, акыры кетиришкен. Мына ошолор сыңары ичиндеги «көзүрлөр» - айтканына көнбөгөн Кутманованы дагы кетирүүгө аракеттенишүүдө. Буга эми жол берилбеши керек. Жетекчилер бекем туруп, жемкорлуктун уюгун талкалаганга көмөктөшүшү шарт. Эгер “мите курттардын” тилеги ишке ашып, Кутманова ээрден оодарылса, анда бийликтен адилеттүүлүктү үмүт кылууга болбой калат. Элдин назары сынат. Андыктан, жаңы бийлик Кутмановага шарт түзүп, кесипкөй кадыр менен токой чарба агенттигин “алкымы бузук” адамдардан тазалаш керек. 


Биз бир топ кишиге суроо салгыбыз келет, жооп беришер. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, буга чейин иштеп кеткен агенттиктин жетекчиси Мирослав Аманкулов кан кудасы Мелис Турганбаевге таянуу менен интрига уюштурганы каңкууланууда, бул чынбы? Өздөрүнүн «кормушкасын» коргоп калууга жандалбастагандардын анабашында агенттиктин статс-катчы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин тууганы Азамат Эркебаев тургандыгы айтылат, ал туурабы? Коррупциялык системаны сактап калууга аракеттенгендердин катарында директордун орун басары Надырбек Козубаев, Токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Нурлан Жумаевдер турганы, ошондой эле, Байгабыл Төлөңгүтов, Баглан Салыкмамбетова, Жыпаркүл Беккулова жана агенттиктин Жалал-Абаддагы жетекчиси Бакыт Эрмековдор союл катары чабылып жатканы айтылууда, мунун чындыгы барбы? Бул адамдардын артында калбыры бардыгы тууралуу маалыматтар айтылат. Маселен, М.Аманкулов 2019-жылы четелдик мергенчилерге 4 кулжаны ашыкча атырганы, Н.Жумаев Казакстанга келген козу карын чырынын башында туруп, кылмыш иши козголгону, Б.Төлөңгүтов Руссгидронун 249 миллион долларын өзүнүн лабораториясына которгону жана Б.Салыкмамбетова, Ж.Беккуловалар грант, четөлкөгө чыккан сапарлар боюнча далай «ийири» иштердин башында турганы боюнча маалыматтарга жооп бере алышабы? Агенттиктеги бул адамдар мына ушул иштер казылып кетишинен коркуп, Кутмановага каршы чабуулга өтүшкөн жокпу?


Бул ирет ушунчасы менен жыйынтыктай туралык. Алдыда Кызыл-Үңкүр жана Көк-Алмадагы ириген иштер, мыйзамсыз кыйылган дарактар, ж.б. боюнча айтыла турган сөздөр бар.


Зулпукаар Сапанов, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн