Кулжа 26, 2024
Убакыт: 10:22
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Токтогул суу сактагычынан Казакстанга кошумча суу агызылышы: Энергетика министрлиги түшүндүрмө берди

09.12.2021 00:39
737
Токтогул суу сактагычынан Казакстанга кошумча суу агызылышы: Энергетика министрлиги  түшүндүрмө берди

8-декабрда Нур-Султанда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жолугушуусунда казак тарап Токтогул суу сактагычынан кошумча суу бергени үчүн ыраазылык билдиргени кыргыз коомчулугунда талкуу жаратты.


Буга байланыштуу Улуттук энергохолдинг түшүндүрмө берди. Кийинчерээк Энергетика министрлиги да өзүнүн вариантын айтып, түшүндүрмө берди.


"Кыргыз Республикасынын калкын жана экономикасын электр энергиясынын зарыл болгон көлөмдөгү электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурстарын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Энергетика министрликтери тарабынан электр энергиясын өз ара жеткирүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган.


Ага ылайык, казак тарап 2021-жылдын жаз-күз мезгилинде Кыргыз Республикасына 900,0 млн кВт/саат электр энергиясын баштапкы берүүнү ишке ашырууда.


Келишимдин негизинде 2021-жылдын мартынан май айына чейинки мезгилде Казакстан Республикасынан 420,0 млн кВт/саат электр энергиясы алынган, бул көрсөтүлгөн мөөнөттө Токтогул суу сактагычына кошумча суу топтоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Өз кезегинде кыргыз тарап Казакстан Республикасына 2021-жылдын июнь-август айларында буга чейин алынган 300,0 млн кВт/саат электр энергиясын кайтарып берди.


Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына кайтарылган электр энергиясы Токтогул жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде өндүрүлөт, ал эми керектелген суунун көлөмү көрсөтүлгөн электр энергиясын иштеп чыгууга жумшалат.


Энергетика министрлиги ар бир куб метр суу электр энергиясына айлангандыктан, гидроагрегаттарды айланып өтүүчү суу кошумча коё берилбестигин жоопкерчилик менен билдирет.

Буга байланыштук мекендештерди расмий булактардан алынган маалыматка таянууга чакырабыз", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн