Тогуздун айы 04, 2024
Убакыт: 17:03
USD
84.60
85.10
EUR
92.90
93.90
RUB
0.885
0.925

Токтогулда эркек кишини өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

29.02.2024 16:37
541
Токтогулда эркек кишини өлтүрүүгө шектелгендер кармалды


Токтогул милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин изин суутпай ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-февралда саат 13:57 чамасында Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде киши колдуу болгон 35-40 жаштар чамасындагы эркек адамдын сөөгү табылган.

Окуя болгон жерге Токтогул РИИБдин жетекчилиги, ыкчам-тергөө тобу, прокуратура кызматкерлери чыгып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон.

Окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Токтогул милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишинин бети изи сууй электе ачылган. Кылмышка шектүү катары Токтогул районунун тургундары 1984-жылы туулган А.Б., 1989-жылы туулган М.Г. жана Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну 1988-жылы туулган О.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөр 27-февралда Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде спирт ичимдигин ичип отурушуп, сөз талашып уруша кетип, үчөөлөп каза болгон адамды сабап, окуя болгон жерден кетип калышканын айтышкан.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн