Тоңдо чагылган тийип 60 баш кой өлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 15-августта саат 17:30дар чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кичи-Анги жайлоосунда күн күркүрөп, чагылган түшүп болжол менен 60 баш койго чагылган тийген.
"Жерине техника бара албайт. Бүгүн, 16-августта Жарандык коргоо комиссиясы ат менен барат. Кошумча маалымат берилет", - деп белгилешти өкүлчүлүктөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн