Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Төө-Ашууда күйүк алган экинчи милиционер да каза болду

Төө-Ашууда күйүк алган экинчи милиционер да каза болду


Төө-Ашууда өрттөнгөн бензовоздун айдоочусуна жардам берген дагы бир милиция кызматкери каза болду. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, маркум Орозмамат Акуналиев 30 жашта болгон.


Бишкек шаардык клиникалык медициналык тез жардам берүү ооруканасынан анын денесинин 70 пайызы күйгөндүгүн билдирди.


Орозмамат Акуналиев Эргеш Алиев атындагы ИИМ академиясынан билим алган. Өзгөн, Ноокат РИИБдеринде, Ош ОИИБде кызмат өтөгөн. 2021-жылдан бери Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп эмгектенип келген. Баткен ОИИБ анын артында эки уул, бир кызы калганын билдирди.


Кырсык болгон күнү кесиптеши Дилмурат Шамшиев менен тергөө иштерине байланыштуу Баткенден Бишкекке келе жаткан. Алар Төө-Ашууда күйүп жаткан бензовоздун айдоочусуна жардам беришип, аны аман алып калышкан.


2-ноябрда Дилмурат Шамшиев катуу күйүк алгандыктан каза болгон.


Эске салсак, 27-октябрда Бишкек — Ош жолунун 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа менен эки жеңил машина кагышып, үчөө тең күйүп кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн