Теке 28, 2025
Убакыт: 17:36
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Төө-Ашуудагы туннелдин айланасы иретке келтирилүүдө

28.07.2025 11:54
23
Төө-Ашуудагы туннелдин айланасы иретке келтирилүүдө


Төө-Ашууда жайгашкан Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин айланасы иретке келтирилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.


Күн мурун министр Абсаттар Сыргабаев иретке келтирүү иштеринен кабар алды.


Учурда аталган тилкеде подрядчы компания тарабынан атайын техникалар тартылып, жердин негизин даярдоо иштери активдүү жүрүүдө.


Абсаттар Сыргабаев иш ыргагын ыкчамдатуу тапшырмасын койду.


Бишкек – Ош жолундагы туннелдин кире беришине унаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ түшүү зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда.


Белгиленгендей, жол кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү максатында күзгө чейин туннелдин эки тарабы тең иретке келтирилип, асфальт төшөө иштери толук бүткөрүлмɵкчү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн