Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 07:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Төө-Ашуудагы жаңы курулуучу тоннелдин автору Нурлан Сулаймановбу?

18.01.2021 15:05
3167
Төө-Ашуудагы жаңы курулуучу тоннелдин автору Нурлан Сулаймановбу?


Транспорт  жана жолдор министрлиги China National Electric Engineering Co., Ltd. (CNEEC) компаниясы менен биргиликте Төө-Ашууга жаңы тоннель курууну пландап жатат. 15-январда министр Бакыт Бердалиев аталган компаниянын өкүлү менен жолугуп, келечектеги долбоорду талкуулаганы белгилүү болду.


Маалыматтарга караганда, бул тоннелди куруу боюнча сүйлөшүүлөр өткөн жылы эле башталган. Алдан ала белгилүү болгондой аталган тоннель Бишкек-Ош жолунун 110-115-чакырымдарында курулат Анын жалпы узундугу 11 чакырым болушу күтүлүүдө.


Буйруса бул долбоор жакынкы аралыкта башталып калышы толук мүмкүн. Учурда иштеп жаткан тоннел 1962-жылы курулган жана аны узакка пайдалануу кооптуу болуп калды. Жүк ташуучу унаалар учурда бир-бирден гана өтүүдө.


Биздин ишенимдүү булактар бул ири сумманы Кыргызстанга тартып жаткан инсан экс-министр Нурлан Сулайманов экенин кабарлады. Биздин мамлекетте инвесторлор үчүн жагымсыз окуялар тынбай уланып жатканда чет өлкөдөн ушундай каражатты алып келүүгө ишкерлерди ынандырган өтө чоң эрдик. Кыргыз эли мындай уникалдуу долбоорлорду колдоп, аны ишке ашыргандарды, каражатты алып келүү үчүн күнү-түнү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрдү колдошу керек. Саясатты коюп жаратмандык иштерди жасайлы. 

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Адылбек Мамбеталиев
Карызга дегенди токтоткула белден итоге детьми жакында карызга олкобуз тумчугуп беруучу нерселерди жарга такалып берип жибергенге шар тузулуп жатат.бул тенденцияны жалпы журт козомодоосу зарыл .кыргызстандын кызыкчылыгыга плюс болсо колдойлу тамырынан тарифа билишибиз керек
Куке
Бул ири долбоор экономиканын онугушуно, транспорт жаатында чон пайдалуу натыйжаларды берет, анткени ош-бишкек жолу кыргызстанда стратегиялык, чон маанидеги жол болуп эсептелет, бир кундо канчалаган жуктор, адамдар, ар турдуу товарлар отуп турат. Ушул долбоордун ишке ашырылышы менен эл учун ынгайлуу шарттар тузулот, ошондой эле экономиканын осушуно чон туртку берет. Нурлан Чолпонбаевичтей адамдар кыргызстанда коп болсо, биздин олкобуз дуйнодо эн онуккон олколордун катарына кирет деп ишенем.
Самат
Сулайманов кыйын киши! Министр болуп турганда Кыргызстан учун эбегейсиз кызмат кылган. Таазим Нуке брат!
Эсен Шакыев
Азамат Ушундай Нурлан Чолпонбаевичке окшогон ишкер агаларыбыз бар болсун.
Азамат Табалдиев
Туура! Мындай эмгек аракетти баалай билишибиз керек. Былтыр премьер Абылгазиев, кытайдан ири проектиге чон инвесторду чакырып, кондуруп алып келсе, элибиздин карангылыгынан ивесторду качырып эмне деген эмгек - мээнет талаага кетти. Ошон учун мамлекетте бекем бийлик болушу шарт! Бекем бийлик болбосо, тартип болбойт! Тартип болбогон жерге инвестор дагы келгиси келбейт!