Теке 27, 2024
Убакыт: 12:18
USD
EUR
RUB

Төрага Нурланбек Шакиев расмий иш сапары менен Австрияга жөнөп кетти

15.05.2024 10:23
154
Төрага Нурланбек Шакиев расмий иш сапары менен Австрияга жөнөп кетти


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий сапар менен Австрияга жөнөп кетти. бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев Австрияда, Чехияда жана Словакияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.

Эскерте кетсек, төраганы депутаттар Эльдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Шаирбек Ташиев, Миргүл Темирбаева жана парламенттин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев коштоп кетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн