Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Төрага Шакиев Казакстан элдеринин Ассамблеясынын мүчөлөрү менен жолугушту

27.06.2023 13:39
359
Төрага Шакиев Казакстан элдеринин Ассамблеясынын мүчөлөрү менен жолугушту


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Сенат төрагасы Маулен Ашимбаев менен бирге Астана шаарындагы Достук үйүнө барып, улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган сүрөт көргөзмөсүнө күбө болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алсак, көргөзмөгө залкар калемгердин Казакстандын мамлекеттик архивдеринде сакталган уникалдуу сүрөттөрү коюлган.

Андан соң төрага Достук үйүндөгү кыргыз улутуна таандык бөлмөгө баш багып, андагы маданий-руханий материалдар менен таанышты.

Ошондой эле Казакстан элдеринин Ассамблеясынын мүчөлөрү, интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушуп, кыргыз-казак мамилесине байланышкан маселелерди талкуулады.

Расмий иш сапарынын алкагында уюштурулуп жаткан бул жолугушуунун маанилүүлүгүнө токтолгон төрага: "Кыргызстан менен Казакстан коңшу мамлекет гана эмес, тарыхый байланышы терең, каада-салт, үрп-адаты, тили жана маданияты окшош, боордош эл. Ала-Тоонун аркы бети менен берки бетинде эриш-аркак жашаган эки калк кубанса кошо кубанып, кайгырса кошо кайгырып, эзелтен бирге жүрүшкөн. Андыктан калыптанган алаканы мындан ары да улантып, урпактан урпакка өткөрүп берүүбүз кажет", - деди.

Муну менен катар руханий биримдик жана түбөлүк достук эки боордош элди бириктирип тургандыгын айткан Нурланбек Шакиев: "Казак эл акыны Мухтар Шаханов "Бардык элдердин достугу жеке адамдардын байланышынан башталат" - деп белгилегендей, эки өлкөнүн маданият жана чыгармачылык ишмерлеринин, интеллигенциясынын ортосунда эзелтеден бери тыгыз байланыштар болуп келген. Маселен, кыргыз акыны Токтогул Сатылганов менен казактын эл акыны Жамбыл Жабаевдин, кыргыз манасчысы Саякбай Каралаев менен казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун, алп калемгер Чыңгыз Айтматов менен казак акыны Мухтар Шахановдун достугун бардыгыбыз билебиз. Бул инсандар эки элге данакер болуп, кыргыз менен казакка бирдей таанылган даанышмандар", - деди.

Муну менен катар төрага залкар жазуучу, улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган сүрөт көргөзмөсү тууралуу сөз кылып, чыгармалары аркылуу кыргыз-казак байланышын чыңдоого зор салым кошкон инсандын өмүр жолун даңазалаган саамалыкка жогору баасын берди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айында Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында да Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган форум өткөрүлгөн.

Жыйында Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев да баяндама жасап, эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин маданий-гуманитардык алакасы тууралуу сөз кылды.

Андан тышкары, 40 миңден ашуун кыргыз улутундагы Казакстандын жарандары жашаарын айтып, жалпы республика боюнча кыргыздарга таандык 10 этномаданий борбор иштерин маалымдады.

Ал эми Казакстандагы манасчы Баянгали Алимжанов келгендерге эпостон үзүндү айтып берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн