Бугу 08, 2024
Убакыт: 07:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Төрага парламенттин аппаратынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштарын айтты

22.08.2023 09:00
265
Төрага парламенттин аппаратынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштарын айтты


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын жетекчилери, бөлүм башчылары жана орун басарлары менен жыйын өткөрдү.

Анда Жогорку Кеңештин III сессиясынын башталышына карата даярдыктар талкууланып, бөлүм башчылары тиешелүү баяндамаларды беришти. Төрага Нурланбек Шакиев угулган маалыматтын жыйынтыгы боюнча парламенттин аппаратынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча бир катар сунуш-пикирлерин айтты.

Атап айтканда, төрага Нурланбек Шакиев Аппараттын кесипкөй иши жалпы парламенттин сапаттуу иштешине түздөн-түз таасирин тийгизерин белгиледи.

"Ар бир бөлүм өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүп, белгиленген милдеттерин өз убагында жана так аткаруусу кажет. Дүйнө бир орунда турган жок, биз эскиче иштөө ыкмаларынан арылып, жаңы технологияларды көбүрөөк колдонушубуз зарыл», - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн