Бугу 16, 2024
Убакыт: 11:47
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Төрөбаев: Айыл чарба продукциясынын экспорту жылына 38-40 миллиард сомду түзөт

26.02.2024 12:05
157
Төрөбаев: Айыл чарба продукциясынын экспорту жылына 38-40 миллиард сомду түзөт


Айыл чарба продукциясынын экспорту жылына 38-40 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда “Агродиалог 2024” форумунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаев билдирди.


Министрликтин жетекчисинин айтымында, өлкөнүн айыл чарба продукциялары дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүнө экспорттолот. Бирок, айыл чарба продуктыларын кайра иштетүүнүн көлөмү республикада чыгарылган продукциянын жалпы көлөмүнүн 4 процентин гана түзөт. Айыл чарба продукциясынын экспортунун көлөмү өлкөнүн жалпы экспортунун 13% гана түзөт.


«Бул көрсөткүчтөр өтө төмөн жана биздин талапка жооп бербейт. Буга байланыштуу экспорт, өндүрүш жана кайра иштетүү саясатын түп-тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Ошондуктан 100гө жакын долбоор тандалып алынып, учурда бул долбоорлордун негизинде 100 бизнес-план түзүлүүдө.


Форумдун катышуучуларын долбоорлорго активдүү катышууга чакырам», - деп жыйынтыктады Б.Төрөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн