Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Төрөбаев: Кыргызстан Кытайды өзүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири катары карайт

24.05.2023 08:09
526
Төрөбаев: Кыргызстан Кытайды өзүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири катары карайт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушуусуна катышты. 


МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстан Кытай менен достук жана жакшы коңшулук мамилелерин ар тараптан өнүктүрүүгө зор маани берээрин билдирди. 


“Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы көп жылдык жакшы коңшулук мамилелерге ээ жана биздин экономикалык кызматташтыгыбыз жыл сайын чыңдалууда. Тышкы экономикалык байланыштар жаатында Кыргызстан Кытайды өзүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири катары карайт. Кыргыз тарап өз ара сооданын динамикалуу өнүгүшүнө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар”, - деди ал. 


Ал ошондой эле, Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасы үчүн негизги стратегиялык соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири экиндигин билдирди. 


“Кыргыз Республикасынын Президентинин Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын ийгиликтүү өткөнүн белгилеп кетүү мен үчүн кубанычтуу. Биздин өлкөлөрдүн лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү”, - деп кошумчалады Бакыт Төрөбаев. 


Маалымат үчүн, Кытай Эл Республикасынан келген инвестициялар Кыргыз Республикасына келген чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмүнүн дээрлик үчтөн бирин түзөт, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ал 22,9%ды түзгөн. 


Бакыт Төрөбаев, ошондой эле мамлекеттер аралык мамилелердин алкагында жана ишкер чөйрөлөрдүн ортосунда өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу өтө маанилүү экендигин белгиледи. 


“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы, ошондой эле жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жакынкы келечекте Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин көрсөткүчтөрүндө чагылдырылат деп ишенем. Кытай тарапка бул жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем”, - деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев. 


Белгилей кетсек, кыргыз-кытай ишкерлер жолугушуусуна Кыргызстандан 20дан ашуун ишкер, ал эми СУАРдан 80ден ашуун ишкер катышып өздөрүнүн тармактары боюнча тажрыйба алмашат. Анын жыйынтыгы менен эки тараптуу келишимдер түзүлмөкчү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн