Кулжа 12, 2025
Убакыт: 20:40
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Той кортежине жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн айып салынды

11.06.2025 11:41
44
Той кортежине жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн айып салынды


Той кортежине жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн айып салынды.


ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кортежге 30 миң 500 сом айып салынды.


Белгилүү болгондой, май куюучу жайлардын биринде той кортежиндеги BMW үлгүсүндөгү авто унаа мамлекеттик номерин атайын чечип, автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.


Бул факты боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан айдоочусу аныкталып, автоээнбаштык жасагандыгы жана мамлекеттик номерин чечип жашыргандыгы үчүн 30 миң 500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн