Газа тилкесиндеги жаңжал аяктады. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин Кнессетинде билдирди, деп маалымдайт ТАСС.
"Согуш бүттү", — деди ал өз сөзүндө.
Ал ХАМАС куралсыздануу боюнча тынчтык планынын пунктун аткарууга макул болгонун кошумчалады.
Эртең менен кыймыл Израилге тирүү калган баардык барымтадагыларды өткөрүп берди. Каза болгондордун сөөгү кийинчерээк өткөрүлүп берилет.
Газадагы согуштук аракеттер 10-октябрда күндүз токтогон. Ага чейин ХАМАС менен Тель-Авив жаңжалды токтотуу планынын биринчи фазасын аткаруу боюнча макулдашкан.
ХАМАС бардык барымтадагыларды бошотуп, каза болгондордун сөөгүн өткөрүп берүүгө, ал эми Тель-Авив аскерлерди макулдашылган сызыктарга алып чыгып, терроризм үчүн өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кошо алганда, жүздөгөн палестиналыктарды түрмөдөн чыгарууга макул болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн