Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду, - деп билдирет президенттин маалымат кызматы.
"Президент Садыр Жапаров Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон жарлыктын негизинде транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн