Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкек-Ош унаа жолунун башчысы кармалды

11.06.2020 15:43
928
Бишкек-Ош унаа жолунун башчысы кармалды


Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Бишкек-Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясынын жооптуу 12 кызматкери пара алганга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында Бишкек-Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясынын башчысы Ж.Б., "Сосновка" тоннелдик постунун башчысы Ж.К. жана Кара-Көл тоннелдик постунун башчысы К.С. бар.


Жалпысынын министрликтин бөлүмдөрүндө жооптуу кызматтарды ээлеген 20 кызматкер кармалган. Алдын ала эсеп боюнча келтирилген чыгым 20 миллион сомду түзөрү айтылат.


Маалыматка таянсак, учурда тергөөнүн алкагында бул коррупциялык схемага аталган министрликтин жогорку кызматта тургандарынын тиешеси бар же жок экендиги териштирилүүдө. Ошондой эле ага жергиликтүү башкармалыктардын жана башка түзүмдөрдүн кызматкерлеринин катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн