Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Травматология жана ортопедия борборунун ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы түзүлдү

04.02.2022 14:17
847
Травматология жана ортопедия борборунун ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы түзүлдү

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы түзүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ал буйруктун негизинде аталган мекеменин директору Сабырбек Жумабековду ээлеген кызматынан Эмгек кодексинин 77-беренесине ылайык бошоткон.

«Милдеттерди аткаруу профессор, медицина илиминин кандидаты Гулия Кожакматовага жүктөлдү, ал эми Дамир Дүйшөнов башкы дарыгер болду», - деди министр.

Ал дарыгерлердин бардыгы иштей берерин жана аларды эч ким иштен бошотпой тургандыгын кошумчалады.

«Азыр Жумабеков ал менен чогуу дарыгерлер кетет деп жатат. Анын ал жерде иштеген туугандарынан башка эч ким кетпейт. Ал жерде уулу, туугандары иштейт, келини эсепчи болчу, дарыкананы жеңеси башкарчу», - деп айтты ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн