Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түндө Бишкекте атышуу болуп, милиция беш кишини кармады (видео)

Түндө Бишкекте атышуу болуп, милиция беш кишини кармады (видео)


Таңкы төрттөр чамасында 102 кызматына Чүй проспектиси менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөөлөр ок чыгарып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан кабарлады.


Бейбаштарга милициянын келгени боюнча социалдык тармактарга видео тараган.


Тартип сакчылардын тергөөгө чейинки иликтөөнү баштагандыгы кабарланды.


"Милиция аталган жерге келгенде ок атылган факт аныкталды. Милицияга 28 жаштагы А.Р. жана С.А., 35 жаштагы Т.Ф., 40 жаштагы И.А., 38 жаштагы А.А. жеткирилген", — деп айтылган маалыматта.


Болгон окуяга юридикалык баа берүү жана ага катышкандарды тактоо үчүн тергөө иштери жүрүп жатканы белгиленди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн