Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын комага түштү, - ЖМК

25.08.2020 10:45
956
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын комага түштү, - ЖМК


Түштүк Кореялык дипломат Чанг Сон Мин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын комада жатканын, анын ордун карындашы ээлерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Дипломат Түштүк Кореянын каза болгон президентти Ким Дэ Чжундун жардамчысы болгону кабарланат. Ал Түндүк Кореянын бийлиги лидеринин ден соолгунун начарлаганын жашырып жатканын айткан.


Менин оюм боюнча, ал жандандыруу бөлүмүндө жатат, бирок каза болгон эмес”, - деген Чанг Сон Мин. Дипломат лидердин карындашы Ким Е Чжон агасынын ыйгарм укуктарынын айрымдарын өзүнө аларын билдирген.


“Бийликти толугу менен өткөрүп алуу түптөлгөн эмес, андыктан Ким Е Чжон биринчи планга жылат. Боштук көп убакытка чейин тура албайт, - деп кошумчалаган.


Буга чейин басылмалар Ким Чен Ын өз милдеттеринин бир бөлүгүн жардамчыларына, анын ичинде карындашы Ким Е Чжонго өткөрүп бергенин кабарлаган.


Эмгек партиясынын бөлүм башчысынын орун басары болуп жүргөн Ким Е Чжон Пхеньяндын Сеул жана Вашингтон менен мамилелерине жооп берип, дагы эки жардамчы экономика тармагын, эки жардамчы коргонуу жаатын көзөмөлдөрү кабарланган.


Саясий талдоочулар мурдагы дипломаттын Түндүк Кореянын лидери комада жатат деген билдирүүсүнөн күмөн санаган. Себеби буга чейин да Ким Чен Ын узак мөөнөткө дайынсыз болуп кеткенде, анын ооруп жатканын айтып чыгышкан.


Белгилей кетсек, буга чейин 20 күн дайынсыз болгон Ким Чен Ын кайрадан коомчулукка чыкканы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн