Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал - Казарман тилкесине таш түштү

04.10.2023 11:00
171
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал - Казарман тилкесине таш түштү


Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал - Казарман тилкесинде (270-274-чакырым аралыгы) таш кулап, тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тоо боорунан кулаган таштардын – көчкүнүн жалпы көлөмү 15 миң м3 түзөт. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын № 18 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

"Жаратылыш кырсыгы 4-октябрга караган түнү катталган. Жабыркагандар жок. Учурда жолдун эки тарабында турган 25-30 чакты унаалар өткөрүлүп, тазалоо иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн