Тогуз-Торо районунда Түндүк—Түштүк альтернативдик жолун куруп жаткан кытайлык жумушчу 6-июлдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда 6-июль күнү саат 14:00 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан Чайна-Роуд компаниясынын жумушчусу кытай улутундагы эркек адам (1979-жылы туулган) дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 10-июль күнү КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө түшкөн.
21-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында саат 11:05те 5 куткаруучу тартылган.
22-июль күнү издөө иш-чаралары улантылат. Куткаруучулар Казарман айылында түнөп калышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн