Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түп районунда жаңы бала бакча колдонууга берилди

04.07.2022 09:54
464
Түп районунда жаңы бала бакча колдонууга берилди


Түп районунун Талды-Суу айылында 50 орундуу бала бакча ачылып, ага мамлекеттик жана коомдук ишмер Батыш Салиеванын аты берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачылышы Батыш Салиеванын 100 жылдык мааракесин майрамдоонун алкагында өттү.

Батыш Салиева Талды-Суудан чыккан көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, 25 жыл Калкты социалдык жактан камсыздоо министри, 7 жыл республиканын профсоюздар Советинин төрайымы болуп үзүрлүү иштеген. 2 жолу СССР Жогорку Советине, 25 жыл катары менен Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болгон.

Белгиленгендей, бала бакча АРИСтин жардамы менен Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында курулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн