Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 21:09
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Түптүн айылдарын селден тазалаган куткаруучулар туруктуу кызмат орундарына кайтышты

11.08.2023 09:47
422
Түптүн айылдарын селден тазалаган куткаруучулар туруктуу кызмат орундарына кайтышты


Түп районунун Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарындагы селдин кесепетин тазалашкан куткаруучулар туруктуу кызмат орундарына кайтышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Балыкчынын 22, Ак-Суунун 15, Жети-Өгүздүн 10 куткаруучусу сел жүргөн айылдарда иштерин аякташты. Аларга облус башчысы Илияз Иманбетов жана жергиликтүү айылдардын тургундары терең ыраазычылык билдирип узатышты. Ал эми Каракол, Түп ӨКБларынын куткаруучулары аталган айылдарда иштерди улантышат жана атайын инженердик техникалар тазалоо иштерин жүргүзүшөт.

Куткаруучулар ички чарбалык 4430 метр жолду, 82 үй, бир мектеп жана бир бала бакчанын короо жайларын, жер төлөлөрдү тазалашты.

Эскерте кетсек, 7-августта аталган аймакта нөшөрлүү жаандан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен айылдарда 100гө жакын турак-жай, ички чарбалык жолдор жана айдоо талаалары зыянга учураган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн