Бугу 21, 2024
Убакыт: 15:02
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматынан кетти

14.08.2020 11:26
941
Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматынан кетти


Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. 


Ал Туризм департаментинде эки жылдай иштегенин жана бул аралыкта бир нече иштер аткарылганын белгилеп, министр Азамат Жаманкулов башында турган командага ыраазычылыгын билдирген. 


Максат Дамир уулу 1985-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. 2008-жылы Кыргыз агрардык университетин аяктаган. Кийин АКШнын Вартбург колледжинде экономика, Кыргыз-япон адамды өнүктүрүү борборунда (KRJC) бизнес башкаруу адистиги боюнча билим алган. 2018-жылдын 20-ноябрында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору болуп дайындалган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн