Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Түркия: Кападокияда Үчхисар мунарасы Кыргызстан менен Түркиянын желегинин түсүнө боёлду

01.09.2022 09:39
716
Түркия: Кападокияда Үчхисар мунарасы Кыргызстан менен Түркиянын желегинин түсүнө боёлду

2022-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына Кападокияда Кыргызстандын Мамлекеттик желегин 800 метрден ашык бийиктикте учкан шар менен көтөрүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.


Ал эми Үчхисардын тарыхый мунарасына (Üçhisar Kale) Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик желектери жана эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдогандын сүрөттөрү чагылдырылды.


Ошондой эле майрамдын урматына Невшехирдеги туристтер эң көп зыярат кылган Үчхисар мунарасында кыргыз элинин тарыхына, маданиятына, каада-салттарына, ошондой эле кооз жерлерине арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. 


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн