Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 15:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Түркия: Зилзаладан бир кыргыз жараны жабыркады

07.02.2023 11:35
297
Түркия: Зилзаладан бир кыргыз жараны жабыркады

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен бир кыргыз жараны жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, бүгүн, 7-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.

Адана шаарында 1984-жылы төрөлгөн А.Т. аттуу жаран жаракат алган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ооруканадан чыгарылган жана анын абалы канааттандырарлык.


Ошондой эле, Кыргызстандын Анталья шаарындагы өкүлчүлүгү Адана шаарындагы жардамга муктаж болгон кыргыз жарандарынан кабар алып, аларга колдоо көрсөттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн