Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 3 миң 432 адамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын вице-президенти Фуат Октай "ТРТ Хаберге" билдирди.
Маалыматка ылайык, табият кырсыгынан 21 миң 103 адам жабыркады.
"Түркиянын түштүгүндөгү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3432 адамга жетип, 21103 жаран жабыркады", - деп айтылат маалыматта.
Мындан мурда президент Режеп Тайип Эрдоган өлкө боюнча 12-февралга чейин жалпы улуттук аза күтүү жарыялаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн