Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:28
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Түркия: Зилзаладан каза болгондордун саны 3 миңге чукулдады

07.02.2023 09:06
288
Түркия: Зилзаладан каза болгондордун саны 3 миңге чукулдады

Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 2 миң 921 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен Anadolu агенттиги жазды.


Маалыматка ылайык, табият кырсыгынан 15 миң 834 адам жабыркады.


"Түркиянын түштүгүндөгү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2921 адамга жетип, 15 миң 834 жабыркады", - деп айтылат маалыматта.


Мындан мурда президент Режеп Тайип Эрдоган өлкө боюнча 12-февралга чейин жалпы улуттук аза күтүү жарыялаган.


Белгилей кетсек, кечээ президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен куткаруу иштерине көмөк көрсөтүү үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 62 куткаруучу жана эки кинолог ж Өзөнөткөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн