Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Түркия: Зилзаладан набыт болгондордун саны 13 миңге чукулдады

09.02.2023 12:08
457
Түркия: Зилзаладан набыт болгондордун саны 13 миңге чукулдады

Бүгүн, 9-февралга карата очогу Түркиянын Кахраманмараш провинциясында болгон жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 12 миң 873кө жетти. Бул тууралуу Түркиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча департаментинин маалымат кызматы билдирет.


Маалым болгондой, кырсыктан 62 миң 937 адам жабыркаган.


Кырсык орун алган аймакта жалпысынан 22 миң 277 издөө-куткаруу кызматкери, анын ичинде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 67 кызматкери иш алып барууда.


Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн