Бугу 14, 2024
Убакыт: 03:31
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Түркиядагы зилзала: Депутаттар Бишкектеги курулуш көйгөйүн көтөрдү

08.02.2023 11:03
272
Түркиядагы зилзала: Депутаттар Бишкектеги курулуш көйгөйүн көтөрдү

Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары боордош түрк элине зилзаланын курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты.


Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Бишкек жана Ош шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн жер титирөөгө болгон туруштугу тууралуу маселени көтөрдү.


"Жаман айтпай жакшы жок. Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөр жаандан кийинки козу карындай жайнап кетти. Уруксаты бары деле, жогу деле көп кабаттуу үйлөрдү салып элге берип жатат",- деди депутат Медер Алиев.


Ал эми депутат Шайлообек Атазов түрк элине боз үйлөрдү жөнөтүү маселеси менен кошо Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдү текшерүүнү сунуштады.


Ошондой эле депутат Марлен Маматалиев да  өзгөчө борбор калаанын түштүк тарабындагы көп кабаттуу үйлөр сейсмикалык талаптарга жооп бербей турганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн