Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 04:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Түркияга жардам: Кыргызстандыктар атайын эсепке 12 млн сомдон ашык чогултту

10.02.2023 15:24
446
Түркияга жардам: Кыргызстандыктар  атайын эсепке 12 млн сомдон ашык чогултту

Бүгүнкү күндө жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 12 млн 350 миң сом чогулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Ведомствонун маалыматына караганда, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.


Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768


Эсептин номери: № 1350102119900169 «КР Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)


Төлөм коду: 14411100 - "Учурдагы жардам";


Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн