Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түркиялыктарга паспортту мыйзамсыз берүү боюнча дагы бир жетекчи кармалды

16.07.2021 10:44
679
Түркиялыктарга паспортту мыйзамсыз берүү боюнча дагы бир жетекчи кармалды

Бишкек милициясы түркиялыктарга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берген деп шек саналган президентке караштуу Жарандуулук маселелери боюнча комиссиянын А.Э. аттуу мурдагы катчысын камады. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады.


Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы ага Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен айып коюлуп, ал тергөө абагына киргизилгенин кабарлады. Учурда иликтеп-тергөө уланууда.


Өткөн аптада ушундай эле айып менен Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы Дүйшөн Сатыбалдиев камалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн